Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Кармалгандар чет өлкөлүк тыңчылар да болуп калышы ыктымал


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын айтымында, кармалгандарды башка мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган деп айыптоого эрте. Ошондуктан Улуттук коопсуздук кызматы Кылмыш жаза кодексинин «Мамлекеттик жашыруун сырды билдирүү» деген 300-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Борис Полуэктов кармалган атуулдардын ар кыл багыттагы жашыруун сырларды сыртка беришкенин ырастап, бирок кайсы өлкөгө экенин айтуудан баш тартты. Анын маалыматы боюнча, кармалгандар ичинде эч кайсы министрлик, мекемеге тиешеси жок атуулдар да бар.

XS
SM
MD
LG