Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

«Алга, Кыргызстан» партиясынын Ош облустук жана шаардык штабдары ачылды


ОШ. Штаб ачылгандан кийин партиянын борбордук кеңешинин көчмө отуруму болду. Анда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча партиянын райондук жана шаардык уюмдарынын отчёттору угулуп, жакынкы келечекте аткарыла турган милдеттер алдыга коюлду. Чогулуштун күн тартибинде аймактарда ишке ашырылып жаткан партиялык долбоорлордун аткарылышын көзмөлдөө жана алдыда келе жаткан жергиликтүү жана Жогорку Кеңештерге шайлоолорго талапкерлерди активдүү көрсөтүү боюнча маселелер көтөрүлдү. Көчмө жыйындын ачылышына Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашев жана партиянын борбордук Кеңешинин бир катар мүчөлөрү катышты.

XS
SM
MD
LG