Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Багдаддагы кол салуудан өкмөттүк беш солдат курман болуп, бешөө жарат алды


БАГДАД. Бүгүн аскердик тосмого жасалган кол салууда Ирактын өкмөттүк күчтөрүнүн беш солдаты курман болуп, дагы бешөө жараат алды. Кечээ Анбар провинциясында жараат алган америкалык солдат бүгүн жаракаттардан көз жумду. Ошону менен катар эле, кабарларда Ирактын түштүгүндөгү мунай куурларынын бирине кол салуу болгондугу маалымдалат.

Бүгүн ошондой эле АКШнын аскерлери Багдаддан жардыргычтарды чыгарган фабриканы таап алышты. Америкалык командачылыктын маалыматына караганда, аскердик колонналардын жолуна мина орноткон деген шек менен 50дөн ашык киши камалды.

XS
SM
MD
LG