Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КАМАККА АЛЫНЫШЫ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР БИР ЖАКТУУ ЭМЕС


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай өткөн аптада Кыргызстандын бир катар министрликтеринде иштеген 10 кызматкер «мамлекеттик жашыруун сырды башка өлкөлөргө тараткан» деген айып менен камакка алынды. Азырынча ал тууралуу расмий маалымат таратыла элек. Буга байланыштуу түрдүү пикирлер айтылууда.

Бир мезгилде он мамлекеттик кызматкердин камакка алынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов «Азаттык» радиосуна берген маегинде тастыктап, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 300-беренеси боюнча «мамлекеттик жашыруун сырды тараткан» деген айып менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле Борис Полуэктов кармалган атуулдар ар кыл багыттагы жашыруун сырларды чет өлкөлөргө таратышкандыгын билдирип, алардын кимдер экендигин жана кайсыл өлкөгө кандай маалымат беришкендигин айтуудан баш тартты. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул окуя боюнча расмий маалымат бериле элек. Буга байланыштуубу, айтор мамлекеттик кызматкерлердин камалашы тууралуу маалымат барган сайын саясий түр алып, коомчулукта түрдүү пикирлерди жарата баштады.

Камакка алуулар боюнча адегенде «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы тынчсыздануусун билдирип, мамлекеттик кызматтагы адамдардын камакка алынышы шайлоолордун алдында чиновниктерди коркутуп-үркүтүү максатын көздөшү ыктымалдыгын маалымдады.

Өткөн апта башында Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү 10 мамлекеттик кызматкерди камакка алса, андан көп өтпөй Ички иштер министрлиги тарабынан Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» атуу атайын бөлүмүнүн төрт кызматкери «карапайым атуулдарды тоноого катышкан» деген айып менен кармалды. Буга байланыштуу айрым байкоочулар мындай камакка алуулар Кыргызстандын тартип коргоо кызматтарынын, тагыраак айтканда, Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин ортосунда ич ара келишпестиктен улам болуп жаткандыгын айтышууда. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, чындыгында эле мындай кадам кандайдыр бир саясий кампаниянын башталышы болушу мүмкүн:

- Бизде мамлекеттик сыр эч убакта сакталбастан ачык айтылып келген. Биринчи кезекте мамлекеттик сыр экономика, аскер тармагында болгон эмес. Алардын сакталышы боюнча кандайдыр бир чара да көрүлгөн эмес. Ошондуктан, соңку мезгилдеги окуялар кандайдыр бир саясий кампаниянын башталышы болушу ыктымал. Бул саясий кампания балким, депутаттарды тыңшап угуудан кийин кадыр-баркы түшкөн атайын кызматтардын кадыр-баркын көтөрүү үчүн болуп жатышы мүмкүн же Кыргызстандын тышкы саясаттагы багытын өзгөргөндүгүн билдирген иш аракет болушу ыктымал. Мунун өзү соңку мезгилдери өкмөттүк маалымат каражаттарында АКШга каршы багытталып, чыккан макалардын басылышы менен бир убакта болушу кокустуктан эмес. Көшөгөнүн артында турган окуянын автору айрым батыш өлкөлөрүнө же саясатчыларга кандайдыр бир маалымат берип жаткандыр. Анткени сонку мезгилдери АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү Кыргызстандагы бийликтин алмашуу зарылчылыгын ачык айтып келет. Эң коркунучтуусу - мындай иш чара айрым саясатчыларга каршы пайдаланылышын жокко чыгарууга болбойт, -дейт өмүрбек Текебаев.

Ал эми оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын пикиринде «мамлекеттик сырды ачкан» деген айып менен камакка алуу мамлекет башчынын жакын адамдарынын шайлоо алдындагы эле кадамдарынын бири. Анткени Кыргызстандын аткаруу бийлиги «мамлекеттик сырды тараткандар» деген ураан менен шайлоо алдында элдин башын айландырып, бийликке жакпаган кадамдарга барган Мисир Ашыркулов же Курманбек Бакиев сыяктуу саясатчылардын бир кездеги жакын саанаалаштарын кызматтан бошотууда:

- Мындай иш-чаралар Акүйдө мурда иштеген Мисир Ашыркуловдун же Курманбек Бакиевдин бир кездеги жакын санаалаштарын кызматтан алууга багытталып жатышы мүмкүн,- дейт «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын башчысы Азимбек Бекназаров.

Ал эми жогорудагыдай маалыматты аткаруу бийлик өкүлдөрү четке кагат. Маселен, президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун айтымында, кармалгандардын арасында өкмөт үйүнөн эч бир кызматкер жок. Ал эми мындай окуяны саясатка байланыштыруу туура эмес:

- "Окшойт", "болот" деген сыяктуу ар кандай жоромолдорду айтууга биз кыйынбыз. Эгерде «мамлекеттик сырды ачты» деп кылмыш ишин козгой турган болсо - бул тартип коргоо органдарынын өзүнүн иши. Ачык айтып коюу керек өкмөт үйүнөн бир дагы адам камакка алынган жок.

Ошентип, кармалган мамлекеттик кызматкерлердин ким экендиги жана алардын кайсыл өлкөгө маалымат бергендиги тууралуу толук маалыматтын жоктугу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Улуттук коопсуздук кызматы бул окуя боюнча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG