Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Нарында аялдар алдыга чыгабы?


НАРЫН. 6-июль күнү Нарын шаарындагы "Демократияны колдоо боюнча маалымат борборунда" аял лидерлердин жана аял талапкерлердин "тегерек үстөл" жыйыны болуп, анда облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев мыйзамдык негизде гендердик тенчиликте шайлоого жана шайланууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн белгиледи. Бирок анын айтымында, аялдар уюмдары, жеке айымдар өздөрү шайлоого көңүл кош мамиле кылышууда. Анткени ушул жыйынга чакырылган аялдардын арасынан бирөө гана саясий партиянын атынан келиптир. Ушундай мамиледен улам облустук шайлоо комиссиясынын жаңы курамына мүчөлөрдү аялдар уюмдары сунуш кылышкан эмес. Учурда облустук кеңештин отуз беш депутатынын төртөө гана Кочкор, Атбашы, Акталаа райондорунан шайланган аялдар. "Ал эми район, шаар, шаарлык жана айылдык кеңештердеги депутаттардын 8-10% гана аялдар түзөт", дейт Аманкул Молдалиев.

XS
SM
MD
LG