Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Инвестициялык саммит болот


БИШКЕК. 15-16-июль күндөрү Чолпонатада төртүнчү эл аралык инвестициялык саммит болот. Анда "салык саясатын жакшыртуу", "экономикалык кайра жөнгө салуу", "инвестициялык маркетинг", "жер - инвестициянын обьектиси", "экономикалык өнүгүү ак ниет башкаруу аркылуу" деген темалар алдында талкуулар өтөт.
Саммитти даярдоого кол кабыш кылып жаткан эл аралык ишкер кеңештин директору Дэвид Грант бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында «2001-жылы өткөрүлгөн биринчи саммиттен бери Кыргызстандын инвестициялык абалы жакшырды» деп баалады. Муну чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо 40тан ашык ири инвестордо Кыргызстанга акча салууга болот деген ишенимдин бекемделгендиги айгинелейт. Ал эми бүгүн «Инвестициялык тегерек стол» коомдук бирикмесинде вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев саммитке даярдык көрүү боюнча Консултьтативдик кеңештин мүчөлөрү менен бирге жыйын өткөрүп, анда жыйынтыктоочу документ катары кабыл алынчу маселелерди тактады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG