Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Баткендик мугалимдер айлыгын алмакчы


БАТКЕН. Облустук каржы башкармалыгынан 7-июлда алынган маалыматка караганда, облбийликтин өлкөнүн каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Баткендеги мугалимдердин 1996-жылдан бери төлөнбөй келаткан эмгек акылары үчүн карыздарын төлөп берүү маселеси чечилди.

Сүйлөшүүгө ылайык аталган министрлик эмгек акы үчүн 15 млн. сомдон ашуун карыз акчаны жакынкы үч ай ичинде бөлүп-бөлүп бере турган болду. Анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын жана башка бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин да эмгек акы үчүн аласалары бар. Жергиликтүү мугалимдер бир топ жылдан бери эмгек акыларын толук албай, карыздар улам артка жылдырылып келе жатканы жана ал карыздарын төлөп берүү маселеси менен буга дейре облус бийлигине бир канча жолу кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG