Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Москвада юстиция министрлеринин жыйыны болот


БИШКЕК. 9-июлда Москва шаарында Евразия Экономикалык жамаатына мүчө мамлекеттердин интеграциялык комитетинин алдындагы Юстиция министрлер кеңешинин жыйыны болот. Ага Кыргызстандан юстиция министринин орун басары Эркинбек Мамыров жетектеген делегация жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдиришти. Жыйында келишимге ылайык үч маселе каралышы күтүлүүдө. Алынган маалыматтарга караганда Евразия Экономикалык жамаатына мүчө мамлекеттердин юридикалык министрликтердин укуктук маалымат алмашуудагы кызматташтыгы, жамааттык мамлекеттердин улуттук мыйзамдары менен Евразия экономикалык жамаатынын чечимин биргелештирүү жана Евразия экономикалык жамааттын илимий-эксперттик борборун түзүү маселелери каралат.

XS
SM
MD
LG