Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Жыл башынан бери атайын түзүлгөн жумушчу топ жаңы Салык кодексин даярдоодо. Салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин ортосундагы алака-катыш кандай болору так белгиленчү экономикалык документ бир нече ирет талкуудан өттү. Көл боюнда парламент депутаттары, эларалык уюмдар, адистер чогулуп жакында аны дагы бир жолу сыдыргыдан өткөрүштү. Сентябрь айына ушул маселеге арналган улуттук жыйын чакырылууда.

Салык кодексин жаңылоо зарылдыгы оболу Эларалык валюта корунун талабынан улам байма-бай айтылууда. Жакырчылыкты азайтуу, экономикалык туруктуу өнүгүүгө жетишүү амалында Кыргызстан эларалык каржы уюмдарынын алдында биртоп милдеттерди аткарууга убада берген.

Айтылган сөздүн кандай аткарылып жатканын Эларалык валюта корунун миссиясы кылдат көздөн өткөрүп турат. Миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен ушу тапта жүрүп аткан салык реформасы чакан ишкерликти гана камтыйт, бул жаатта аткарылчу иштер абыдан арбын экенин быйыл жаздагы иш сапары учурунда атайын белгилеген жайы бар:

- Кеңири салык реформасына тийиштүү маселелер талкууланат. Азыркы салык реформасы, ушу тапта жасалып аткан иштер негизинен чакан ишкерликтен салык чогултууга арналган. Биз бул маселе боюнча пикир алышуу учурунда кыйла кеңири алкакты көңүлгө тутуу туура болорун айтканбыз. Андай кенен алкак эмгекке акы төлөө фондунан кармалчу акчанын өтөле көптүгү болууда. Эгер кармалып калчу акчаларды азайтуу максаты коюлса, бюджетти толтуруунун башка кошумча булагын табуу зарыл.

Жаңы Салык кодекси оголе көп өзгөртүү, алымча-кошумчалардын төөбастысында калган мурунку документтен кыйла айырмаланат. Айрым карама-каршылыктар жоюлган. Анткен менен жаңы кодексти ийине жеткириш үчүн дагы убакыт керек дейт Каржы министринин орунбасары Мурат Исмаилов:

- Салык кодексинин сомдолгон вариантын даярдадык. Аны электен өткөрүп, ийине келтириш үчүн, ишкерлер, калк, башка эларалык уюмдар менен макулдашып чыгыш үчүн бизге убакыт керек.

Жаңы кодекс, авторлордун ырасташынча, бир катар чет өлкөлөрдүн, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин топтогон тажрыйбаларын эсепке алуу менен даярдалды.

- Биз бул иште келип түшкөн сунуштарды иргеп, аларды иштеп чыгууга көңүл бурабыз. Албетте, сунуш кылгандардын текши баарына алардын пикири кабыл алынганын же кандай себеп менен алынбай калганын билдиребиз. Пикир-сунуш кылгандардын текши баарына жооп берилет, - деди жаңы Салык кодексин даярдоочу эксперттик топтун жетекчиси Андрей Красников.

Жаңы Салык кодексин даярдоочу комиссиянын теңтөрагасы, парламент депутаты Акылбек Жапаровдун ырасташынча, көптөгөн кайчы пикирлер салык чогултуу боюнча айтылууда:

- Биз эми саясий жагын чече элекпиз. Ставкалар канчага азаят, кайсы салыктар жоюлаарын аныктай элекпиз. Салык кодекси түз иштесин деп көрсөтмө, буйругу, токтому жок тике иштесин деп жазып чыктык эле. Аны жазуу учурунда Каржы министрлигинен, анан миңге жакын салык төлөөчүлөрдөн сунуш-пикирлер түшкөн. Биз алардын болгон сунуштарынын баарын киргизип атабыз. Ставкалардын азайышын болсо, рынок шартына ылайык келбеген каскаддык салыктарды 25 же 50% азайтуу аракетин жасайлы деп атабыз. Мындан тышкары кирешеден алынчу салык, киреше салыгын азайтуу проблемасын аягына чыгарсакпы деп жатабыз,- дейт депутат Акылбек Жапаров.

XS
SM
MD
LG