Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Борбор Азия дарыгерлери баңгилер арасында СПИД дартын жайылтпоо жолун иликтешүүдө


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте адамдын иммундук таңкыстык вирусун жана СПИД дартын ийне сайынган баңгилердин арасында таралышынын алдын алууга арналган эл аралык жыйын өтүүдө. Ага Борбор Азиядагы Түркмөнстандан башка төрт мамлекеттин дарыгерлери катышууда. Семинардын максаты СПИД дартынын жайылышын алдын-алууда региондогу мамлекеттердин өнөктөш болуп иштөөсүнө негиз бере турган иш-чараларды аныктап, өз ара тажрыйба бөлүшүү. Бул жаатта баңгилерди дарылоодо маңзатты алмаштырган метадонду алгач ирет колдонгон Кыргызстандын дарыгерлеринин тажрыйбасы жайылтылууда. Андан тышкары семинардын катышуучулары баңгилердин укугун коргоо жана дарыгерлерден өздөрү ооруну жугузуп албашы үчүн кандай аракеттери көрүү керек деген маселени талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG