Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Орусиялык элчиге ылайык, Түштүк Осетия боюнча сүйлөшүүдө жылыш бар


Тбилисиде өтүп жаткан сүйлөшүүгө орус делегациясын баштап келген Лев Мироновдун билдиришинче, кечээки сүйлөшүүдөн кийин тараптар мындан ары жаңжалга шыкак болуучу кыймыл-аракеттен этиет болууга макулдашышты. Орусия Түштүк Осетия менен расмий Тбилисинин ортосундагы сүйлөшүүгө арачы болууда. Кечээки сүйлөшүүнүн мезгилинде Грузия менен сеператисттик жумурияттын жетекчилери Түштүк Осетиядагы кагылышуулар үчүн бир-бирин күнөөлөштү. Түштүк Осетиянын ырастоосунда, алдыңкы түнү этникалык грузиндер жашаган айыл тараптан полиция бекети аткыланган. Түштүк Осетия Грузиядан 1992-жылы өз алдынчалык жарыялаган. Жумурият Орусиянын курамына кирүүгө дилгир. Тбилиси Түштүк Осетияны өз көзөмөлүнө кайтарып алууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG