Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

ИРАКТАГЫ СОГУШТУН МАДАНИЙ ЗАЛАКАСЫ ООР БОЛДУ


Ирактын Улуттук китепканасы менен архивинин кызматкерлери былтыр жазда башталган согуштун кесепеттерин жоюу иштери менен алек. Адистер Иракта жүздөгөн жылдардан бери сакталып келген көптөгөн тарыхый документ, сүрөттөр, байыркы карталар, китептер жана башка маданий эстеликтер – согуштун алгачкы күндөрү каракталып кеткенин, же орду түбү менен кыйрап жок болгонун айтып жатышат.

Ирактын Улуттук китепканасы менен архиви азыр да сыймыктанып аздектечү тарыхый буюмдардан куру эмес. Алсак, анда Осмон дөөлөтүнүн эсеп-кысап документтери, орто кылымдардан берки Иран менен Ирактагы согуштарды баяндаган колго жазылган мамлекеттик кагаздар, ХХ кылымдын эң башында жарыкка чыккан араб гезиттеринин түп нускалары сакталуу. Өкүнүчтүүсү, былтыр жазда АКШ баштаган согуштун кесепетинен булардан да баалуу тарыхый документтер менен эстеликтердин көбү өрттөнүп, кыйрап же белгисиз наадандар тарабынан каракталып жок болду. Буга байланыштуу Багдаддагы улуттук китепкананын директору Искандер Саад бизге төмөндөгү маалыматты билдирди:

- Бизде сакталып турган Ирактын ХIХ кылымдан берки мамлекеттик документтери менен тарыхый материалдарынын 60 пайызы өрттөнүп же суу тийип бүлгүнгө учурады. Өтө сейрек басылмаларга кирген китептердин төрттөн биринен кол жуудук.


Ирактын улуттук китепканасы менен архивинин жетекчиси өлкөнүн маданий мурасына айрыкча согуштун эң алгачкы күндөрү эбегейсиз зыян келтирилгенин белгилейт. Багдаддагы китепканадан жоголгон орду толгус басылмалар арасында атактуу Чыгыш илимпозу жана ойчул Ибн Синанын XVI кылымда жарыяланган эмгеги да бар.

Ирактын жаңы өкмөтүнүн өкүлдөрү уурдалган баалуу китептер жергиликтүү же коңшулаш өлкөлөрдөгү базарлардан табылып калышы мүмкүн деп үмүт артууда. Улуттук китепкананын директору Искандер азыркы тапта ирактык адистер бүлгүнгө учурап биротоло жок болгон тарыхый документтердин тизмесин түзүп, алардын көчүрмөлөрүн башка мамлекеттерден сураштырып-иликтеп жатышканын маалымдады. Ошентсе да, ал Ирактын тарыхынын эң маанилүү барактарын чагылдырган документ-кагаздар түбөлүккө жок болгонун терең өкүнүү менен улам кайталап айтат.


Саддамга каршы согуш башталгандан бери жабылып калган Улуттук китепкана өткөн аптадан тарта кайрадан ишке киришип, окурмандары үчүн эшигин ачты. "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешкен мекеменин жетекчиси Искандер Саад китепкана – соңку согуштан гана эмес, Саддамдын тушунда көп жылдар бою өкмөттүн кайдыгер мамилесинен да жабыр тартып келгенине токтолду:

- Саддам жана анын өкмөтү маданиятка көңүл бурчу эмес. Атүгүл ошол таптагы маданият министри Мухаммед Юсуф Хамади бир ирет биздин мекемени – "китептердин мүрзөсү" деп атаганы эсимде. Өзү маданият министри болуп туруп, өлкөдөгү баарыдан маанилүү маданий жайды жек көргөнүн элестете аласызбы? – деп жүйөлүү суроо коёт Улуттук китепкананын жетекчиси.


Ирактагы башкы китепкананын текчелеринин көбүн азыр да Саддам Хусейндин калемине таандык же ал башында турган "Баас" партиясына тиешелүү жүздөгөн-миңдеген китеп-баракчалар ээлеп турган экен. Искандер Саад эч ким окубаган андай китептердин ордуна жаңы билим булактарын сатып алып, имаратты, баалуу басылмаларды сактоо жайларын оңдоп-түзөтүүгө кыйла каражат талап кылынарына басым жасады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG