Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн (шейшембиде) Орусия Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Башкортостандын академиги Эдгам Рахимович Тенишевдин сөөгүн жерге коюу каадасы болду. Атактуу түрколог Сергей Маловдун шакирти Эдгам Тенишев бүт өмүрүн түрк тилдерин изилдөөгө жумшаган. Байыркы кыргыз тилин кайра калыбына келтирүү боюнча жазган эмгеги Манастын миң жылдык мааракесинде Бишкекте жарык көргөн эле. «Азаттыктын» толкунунда маркум кыйла жолу кепке аралашкан болчу.

Ыраматылык Эдгам Тенишевдин жаназасын окуу каадасы өткөрүлгөн Маскөөнүн биринчи мечитине чогулгандар “кайран киши бул мечитке көп келүүчү эле” деп аны эскерип олтурушту. Маркумга куран окуу расмисин орусиялык мусулмандар имамы Равил Гайнутдин өзү өткөрдү.

Тенишевди акыркы сапарга узатууга катышканы келген Орусия Академиясынын Чыгыш таануу институтунун өкүлү, түрколог Дмитрий Васильев мындайча оюн ортого таштады:

- Ал мурдагы, эң мыкты, эски таалимдеги мектеп өкүлү эле. Кийин ал мурдагы устаттар жолун жолдоп өзүнүн мектебин уюштурган. Ал бир нече муундагы абдан мыкты түрк тилин изилдөөчүлөрдү тарбыялап чыгара алды.

Дагы бир пикирди атактуу окумуштуу менен жыйырма жылдан ашуун капталдаш олтуруп эмгек эткен казак окумуштуусу Кенесбай Мусаев айтты:

- Казакта агасы бар ини карыбайт дейт, мен бүгүн, агамдан айрылып, карый түштүм.

Орусия баш калаасында жекшемби күнү 83 жашка келген курагында кайтыш болгон атактуу окумуштууну мага элден мурда Прагадан, андан кийин Америкадан, ал жакта түрк тилин изилдешкендер телефон аркылуу угузуп, шаштымды кетиришти эле. Алардын бири - Вашингтон университетинин профессору, “Азаттыктын” Кыргыз, Казак жана Өзбек кызматтарынын мурдагы деректири Чарлз Карлсон маркум аалымды мындайча эскерди:

- Түрк тилдеринин маселесин жеткире изилдөө бизге О.Прицак, А.Кононов, Э.Тенишев сыяктуу белгилүү илимпоздордун эмгегинин аркасында мүмкүн болду.

Менин көз алдыма Эдгам Рахимовичтин жаркын элеси улам келе берди. Биздин радиодон канча жолу “жок” дебей сүйлөп берип жүрдү. 80 жылдык мааракеси өткөндө өзү телефон чалып, бизди чакырып коноктогону эске келди. Бир жолу кыргызча сүйлөп бербейсизби десем, ылайык көрүп, кагазга жазып алып, чала-бучук кыргызча сүйлөгөнү эсиме келди. Ал жолу биз байыркы кыргыз тилинин тагдыры тууралуу талкууга алган элек. Ошондо Тенишев мындай деген болуучу:

- Байыркы кыргыздардын адабий тили, ритуал тили, - Энесай боюнда калган руникалык жазуу эстеликтеринен белгилүү, - деп байыркы тилибиздин таламын талашкан эле.

Маркум менен коштошууга келгендердин арасында бакандай болгон академик Евгений Челышев да болду. Аны кепке тартканыбызда:

- Эдгам Рахимовичтин калтырган эмгегин, анын салыштырмалуу тил илими, салыштырмалуу түрк тилдери боюнча, Орусия жергесинде таркаган түрк дүйнөсүн таануу боюнча кошкон салымын баалоо оңой иш эмес. Ал эбегейсиз зор мурас калтырып кетти. Эми аны андан ары өркүндөтүп кетүү - анын шакирттеринин ыйык милдети. Ал көздөгөн мүдөөнү жүзөгө ашырып, андан ары иликтөө милдети турат.

Маскөөнүн күнү көз ачырбай жаап атты. Ал, эмнегедир, маркум Тенишевге жаназа түшүрүлгөндө дароо ачылып кетти. Анан кербен тарткан машинелер көрүстөнгө бет алды...
XS
SM
MD
LG