Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Өзүн-өзү өлтүрүү көбөйүүдө


БИШКЕК. Өткөн жылы өлкө аймагында 480 адам өзүн өзү өлтүргөн фактылар катталган. Алардын 11% же 49 балдар жана 20 чыга элек өспүрүмдөр болгон. Ал эми үстүбүздөгү жылы 334 адам өз жандарын кыйган. Мындай маалымат
бүгүн Ички иштер министрлигинде “Өспүрүмдөр менен балдардын өзүн өзү өлтүрүүсүнүн алдын алуу” деген семинарда айтылды. Аталган семинарга Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин, Балдар, аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Семинарда өзүн өзү өлтүрүү себептеринин алдын алуу иш чараларын көрүү маселелери каралды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиршти.

XS
SM
MD
LG