Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Дик Чейни азыркы президент менен бирге


АКШнын президенти Жорж Буш шайлоодо ким менен өнөктөш болуп чыгары жөнүндө суроого вице-президент Дик Чейни чекит койду. Америкада ноябрда боло турган президенттик шайлоодо Жорж Буштун вице-президенттикке тандаган адамы болорун өзү болорун ал телеканал аркылуу минтип билдирди:

- Ал мени бул орунда көргүсү келгенин ачык билдирген. Мага 4 жыл мурда сунуш кылган болчу. Мен анын командасындамын жана ал командасын бузайын деген ою жоктугун ачык билдирди, - дейт Дик Чейни.

Жорж Буш буга чейин шайлоого Дик Чейни менен өнөктөш болуп аттанарын билдирсе да, саясий чөйрөдө вице- президенттикке башка адам даярдалууда деген имиш кептер айтылып жүргөн.

XS
SM
MD
LG