Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чегиндеги мина талааларын ушул күздө тазалоо болжолдонууда


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн 16-июлдагы маалыматы боюнча, өлкөнүн Коргоо министри Эсен Топоевдин облус губернаторуна жолдогон катында ушул күздө Өзбекстандын Сох жана Шахемардан анклавдарынын чегиндеги мина талааларын тазалоо иштери жүргүзүлөрү айтылган. Коргоо министрлиги тарабынан 2001-жылы Өзбекстандын чегиндеги Баткендин Чоңкара айылынын айланасындагы 27 гектар аянт минадан тазаланган. 1999-жылы Баткенге куралчан топ кол салган учурда өзбек тарап өзүн коргоо максатында чек арага мина койгон. Баткен облусунун аймагында 14 жолу жарылуу болуп, андан облустун эки тургуну каза таап, үчөө оор жарат алган.

XS
SM
MD
LG