Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:00

БУУ адамдын өнүгүүсүнүн быйылкы деңгээлин жарыя кылды


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюму адамдын өнүгүүсү боюнча 2004-жылдагы докладын жарыя кылды. Аны иликтөөдө калктын саламаттыгы,билимдин деңгээли, кылмыштуулуктун абалы,айлана-чөйрөнү коргоо жана адамдын өнүгүшүнө өбөлгө түзчү башка жагдайлар негиз кылып алынды. Бул көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарын Норвегия, Швеция, Австралия,Канада жана Нидерландия түздү. Ал эми КМШдагы мамлекеттердин баары өнүгүүсү орто деп бааланды. Өнүгүүсү иликтөөгө алынган дүйнөдөгү 177 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 110-орунду ээледи. Бул 2001-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу Кыргызстандын калкынын өнүгүү деңгээлинин төмөндөп жаткандыгынан кабар берет. Анда Кыргызстан 92 орунда болчу. Ал эми быйыл Орусия 57-орунду ээлеп, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн 6 упайга жогорулаткан. Казакстан 78,Түркмөнстан-86, Өзбекстан 107, Тажикстан 116-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG