Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

АКШ делегациясы Кыргызстанда


БИШКЕК. Бүгүн кечинде Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитидж келет. Анын 17-июлда Ак үйдө президент Аскар Акаев, андан кийин Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуусу белгиленүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин батыш башкармалыгынын башчысы Болот Отунбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда кыргыз-америка кызматташуусу, регионалдык коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болмокчу. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымдоосуна караганда, Ричард Армитидждин өкмөт үйүндөгү расмий жолугушуулардан сырткары Кыргызстандагы америкалык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген.

XS
SM
MD
LG