Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Президент түштүк облустарды кыдырды


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн президент Аскар Акаев өлкөнүн түштүк аймагындагы Ош жана Жалалабад облустары боюнча сапарга чыгып, адегенде Жалалабадда болду. Өлкө башчысы Аскар Акаев адегенде Базаркоргон районундагы суу токтоочу жана бөлүштүрүүчү жайдын иши менен таанышты. Карыялар менен жергиликтүү бийлик кызматкерлеринин катышуусунда Базаркоргон-Арстанбап унаа жолун оңдоого расмий уруксат берди. Ноокен районунда президент жана аны коштогон облус, район, министрликтердин жетекчилери менен өкүлдөрү, социалдык-мобилизациялоо жылынын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алышты. Эки райондо тең проблемалар жөнүндө сөз болгон жок.

Аскар Акаев ошондой эле Ташкөмүр-Каражыгач жолун курууну расмий ачып, Бишкек-Ош жолун оңдоонун уландысын көрүп чыкты. Андан кийин Ош облусун көздөй сапар алды.

XS
SM
MD
LG