Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Аксылыктар апелляциялык арыз жолдошту


ЖАЛАЛАБАД. Аксы окуясында жабырлануучулардын доо арызында каргашадан тарткан моралдык жана материалдык чыгымдар үчүн багуучулардан ажыраган үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон эки жарым миллион сомго чейин Кыргыз өкмөтүнөн өндүрүү талабы коюлган. Арызда көрсөтүлгөндөй алты адамдын өмүрүн кыйган 2002-жылдын март айындагы бул окуя боюнча кылмыш иши ачылбай, өлүмгө айыптуулар жазаланган жок. Жабырлануучулардын граждандык тартипте берген буга чейинки доо арызын четке каккан Аксы райондук соттун 15-июлдагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү да арызда белгиленген.

XS
SM
MD
LG