Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Төрага элге уй таратып, үйсүздөргө акча берди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Талас районундагы 13 айыл өкмөтүнүн тургундарына 60 саан уй таратты. Мындай маалыматты бүгүн палатанын басма сөз кызматы билдирди. Спикер буга чейин да райондун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарына 15 саан уй берген. Андан тышкары үй-жайы начар 20 үй-бүлөгө турак-жай сатып алуу үчүн 1 миллион 400 миң сом берип, жакын арада мектеп менен ооруканаларды ремонттого да кол кабыш кылаарын айткан.

Палатанын басма сөз кызматынын кабарлоосу боюнча, мындай жардамга кеткен жалпы чыгымдын көлөмү 3 миллион сомго жетти. Ал Кувейттин атуулдарынын көмөгү менен түзүлгөн «Социалдык реформалар» коомунун долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров мындай жардам азыркы бийликти колдоо үчүн түзүлгөн аты белгисиз фонддун эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин билдирип, мал таратууну келерки парламенттик шайлоого даярдык көрүү аракети деп баалады.

XS
SM
MD
LG