Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Ирактагы жарылуудан тогуз адам өлүп, алтымыштай киши жаракат алды


Жарылуу башкалаа Багдаддын түштүк–батыш тарабындагы полиция бекеттеринин биринин сыртында эртең менен болду. Бийлик өкүлдөрүнүн малыматына караганда, май ташуучу автоунаанын рулунда жанкечти отурган. Ага күбө болгон жергиликтүү тургундардын бир буларды билдирди:

- Полиция бекетине жакын болгондуктан күнөөсүз адамдардын үйлөрү жана алардын өздөрү да жабыр тартты.

Ирактык полицейлерди АКШ менен кызматташып жатат деп эсептеген козголоңчулар аларга кол салууда бомбаланган автоунааларды арбын колдонуп жатышат.
Бүгүн маалымдалгандай, кечээ кечинде болсо согушкерлер Ирактын коргоо министрлигинин департамент башчыларынын бири Жассем Кассимди атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG