Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Жалалабад облустук администрациянын жыйыны болду


ЖАЛАЛАБАД. 20-июлда Жалалабад облустук коллегиясында 6 маселе талкууланды. Жыйында салык жетиштүү топтолгон жок, электр кубатына карыз 138 млн. сомго жетти деп белгиленди. Өндүрүлбөгөн салыктын көлөмү 43 млн. сомду түзүп, 75 ишкананы сотко бергенден майнап чыкпай жатат. Мугалимдер менен дарыгерлердин маянасынын 15 пайыз көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу берилчү каражаттын 46 млн. сомун Каржы министрлиги чегере элек. Жергиликтүү казынада 11 млн. сомдун жоктугунан Базаркоргон, Сузак райондору менен Ташкөмүр шаарындагы казына кызматкерлери үч-төрт айдан бери маяналарын алыша элек. Облустагы 40 ишкана токтоп, жыйырма беши өндүрүмдүүлүктү төмөндөткөн.

XS
SM
MD
LG