Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Сербиянын президенти АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту


Сербиянын президенти Борис Тадич кечээ Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Президент Тадич Колин Пауэллге АКШнын Сербияга болгон түз инвестицияларынын көлөмүн жогорулатуу боюнча өтүнүчүн билдирди.

Борис Тадич ошондой эле Сербия менен Черногорияны НАТОго мүчөлүккө кабыл алуу маселесин да козгоду. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Сербияны аскердик кылмыштар боюнча эл аралык сот менен тыгызыраак кызматташууга чакырды.

XS
SM
MD
LG