Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:37

Элчи Украина менен Кыргызстандын алакасы жакшырып барат деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу чыңалып жатат. Мындай бааны бүгүн Украинанын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Владимир Соловей билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы сооданын былтыр 18 миллион долларды, быйылкы жылдын жарымында 10,5 миллион долларды түзгөнү буга негиз берет. Андан тышкары кийинки кезде соодада мурункудай эл керектөөчү товарлар эмес, машина куруу өнөр жайынын продукциясы жүгүртүлө баштап, быйыл Запорожье шаарында чыгарылган 800 миң долларлык трасформаторлор Токтогул ГЭСине алынды. Бирок сооданы өнүктүрүүгө жолдун алыстыгы менен укуктук келишимдердин аздыгы башкы тоскоолдук болууда.

XS
SM
MD
LG