Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

БАТКЕН ОКУЯСЫНА 5 ЖЫЛ БОЛДУ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Мындан туура 5 жыл мурда, июль айынын аягында Баткен, Чоң-Алайда коогалаң окуя башталып, сырттан куралчан жоо чек араны бузуп кирген. Эгемендүү Кыргызстан үчүн бул оор сыноо болуп, 25 кыргызстандык, Жапандардын 4 жараны барымтага алынган. Аларды куткаруу үчүн алгачкы жылдагы таймашта 22 кыргыз жоокери, Баткен облусунун 4 тургуну каза болуп, элүүдөн ашууну жарадар болгон.

Жай келип, ашуулардагы мөңгүлөр ээрий баштаган мезгилде коомчулуктун эсине мындан 5 жыл мурунку Баткен, Чоң-Алай коогалаңы түшөт. 1999-жылы июль айынын аягында өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлдөрү эсептеген куралчан жоочулар Баткен, Чоң-Алай тараптан чек араны бузуп, тынч жактан элдин турмушуна бүлүк түшүргөнү бүгүнкү күнү тарыхка айланып отурат. Ошол жылы Баткен тоолорунда капилет пайда болгон куралчан жоочулар Кыргызстандын 25, Жапандарын 4 жаранын барымтага алышып, аларды куткаруу үчүн кармашта 22 жоокер, Баткен облусунун 4 тургуну каза болуп, элүүдөн ашууну жарадар болгон.

Бул окуя 2000-жылы Баткенде гана эмес, Лейлек, Чаткал тоолорунда кайра кайталанып, куралчан жоого каршы күрөштө 34 жоокер каза болгон. 2001-жылы Кадамжай районунун Чаувай айылына жакын тоолордо атышуулар болуп, бирок ок чыгаргандар кимдер экени аныкталган эмес.

Коогалаңдуу окуянын алгачкы жылында Баткен, Чоң-Алай эли бир топ кыйынчылыктарды башынан кечиришти. Ошол коогалаң учурунда Баткендеги элдин абалы менен таанышып кайткан Досбол Нур уулу «Азаттык» радиосуна:

-Азыр абал чындыгында оор. Мурда куралчан жоо Баткенден алыс, 100-150 чакырым Зардали жакта болсо, бүгүнкү күнү Баткендин үстүнө түшүп келген. Булар жүздөн, элүүдөн топ-топ болуп тоолордун ар жеринен көрүнүп, түнкүсүн ар кандай террактарды жасап атат,- деген эле.

Ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысы Болот Жанузаков өзүнүн билдирүүлөрүндө коогалаңдуу окуя көптөгөн кыйынчылыктарды жаратканын мойнуна алган:

-Алар биздин мамлекетибизге эң чоң кыйынчылыктарды алып келди.

Баткен коогалаңынын алгачкы жылында негизги аракет барымтага алынган адамдарды бошотууга багытталган. Куралчан жоонун жетекчилери менен эң биринчи сүйлөшүүнү Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун жүргүзсө, кийинчерээк ага депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Баяман Эркинбаевдер аралашкан. Куралчан жоонун өкүлдөрү менен болгон кезектеги сүйлөшүүдөн кайтып келген соң Турсунбек Акун «Азаттыкка» ал тууралуу буларды билдирген:

-Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы өтө оор болду. Ортодо талаш-тартыштар жаралып, карама-каршылыктар көп болду. Менин эң биринчи талабым барымтада кармалып жаткандар менен жолугуштургула деген маселе болду.

Ал эми Турсунбай Бакир уулунун пикири боюнча барымтадагыларды жана айылдарды бошотуу үчүн эч кандай согуш болгон эмес, алар негизинен сүйлөшүү жолу менен бошотулган:

-Биздин кээ бир генералдар менен министрлер мактанып атпайбы "биз согушуп айылдарды ээлеп, можахеддерди чыгарып, аймакты тазалап жатабыз" деп. Ал айылдар эч согушсуз эле бошогон.

Беш жыл мурда болгон коогалаңдуу окуя тууралуу ошол кезде ар кыл пикирлер өкүм сүрсө, андагы талаш-тартыштын учугу бүгүнкү күнгө чейин чубалып, анын такталбаган талаштуу жактарын саясатчылар менен байкоочулар бүгүнкү күнгө чейин талдоого алып келет. Баткен, Чоң-Алай коогалаңын сырткы душмандардын басып кирүүсү катары кароо керекпи, же айрым гана топтордун тар кызыкчылыгынан пайда болгон коркунучпу? деген суроолор коомчулукта байма-бай коюлуп келгендиктен, бул маселе келечекте кеңири талкууга муктаж экени талашсыз.
XS
SM
MD
LG