Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

АКШ СЕНАТОРЛОРУ АДМИНИСТРАЦИЯНЫ ЖӨӨТ –ПАЛЕСТИН ЧАТАГЫН ЖӨНДӨӨГӨ ЖИГЕРДҮҮ АРАЛАШУУГА ЧАКЫРДЫ


АКШ Сенатынын айрым мүчөлөрү президент Жорж Буштун администрациясын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жигердүүрөөк катышууга чакырды. Алардын пикиринде, эгер администрация палестин лидери Ясир Арафатты саясатын өзгөртүүгө ынандырса, ал тынчтык жараянында оң роль ойной алмак. Ал эми Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу өкүлү Сенаттын тышкы байланыштар комитетиндеги угууда Ясир Арафат бийликтен кетмейинче, палестиндер мамлектүүлүккө жетише аларынан күмөнсүнөөрүн билдирди. Мунун аралыгында БУУнун Башкы ассамблеясы Израилден Эл аралык соттун чечимин аткарууну талап кылган резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинде шейшембиде өткөн угууда Вашингтон Жакынкы Чыгыш маселесинен алыстап кеткени айтылды. Алсак, аталган комитеттин төрага басары, демократ Жозеф Байдендин пикиринде, эгер Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жигердүүрөк аралашканда палестин автономиясынын башчысы Ясир Арафат менен премьер-министр Ахмед Корейдин ортосундагы азыркы талаш, балким, орун алмак эмес.

Учурда автономияда саясий кризис сакталууда. Премьер-министр Ахмед Корей анын өкмөтүнө автономиянын коопсуздук күчтөрүн көзөмөлдөө үчүн кеңири укук берилишин талап кылып жатат. Ал отставкага берди эле, палестин лидери премьер- министрдин мындай өтүнүчүн четке какты.

Сенаттын дагы бир мүчөсү, демократ Кристофер Доддун айтымында, Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча төртилик топко мүчө болгону менен өзүн иш жүзүндө бул маселеден изоляциялап койду. Президент Буштун администрациясынын саясаты башынан эле ушундай болгон жана ал өз кезегинде чөлкөмдө зордук – зомбулуктун күчөшүнө салып кошту:

-Төрт жылдын аралыгында бул жерде иштер жакшырган жок, начарлады. Бул жерде конструктивдүү роль ойноо үчүн маселеге жигердүү аралышып, көңүл буруу эмес, жөн кызыгуу гана бардай.

Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы, Сенаттагы угууда көрсөтмө берген Девид Саттерфилд сенатордун жогорудагыдай баасы менен макул болгон жок:

-Мунун толук тескериси. Биздин артыбызда эл аралык кеңири консенсус бар. Андай эл аралык мунасанын чыгышы биздин аракеттин аркасында болуп олтурат.

Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча төртилик топко АКШдан башка БУУ, Орусия жана Евробиримдик кирет.

Сенатор Жозеф Байден болсо төртилик топко мүчө болуу, АКШ алардын ар бири менен тыгыз иштешип жатат дегенди туюндурбайт деп эсептейт. Анын пикиринде, азыр президент Буштун администрациясына палестин лидери Ясир Арафат "Жол картасы" деген тынчтык планынын карманышына жетишүү үчүн төртилик топтун калган мүчөлөрүн аны ачык сындоого ынандырууга учур келди. Сенатор Байдендин айтымында, төртилик топтун калган мүчөлөрү Арафатка өз нааразылыгын жеке жолугушууларда гана билдирип келүүдө:

-Бизде төртилик топ менен "Жол картасы" боюнча гана эмес, анын аткарылышына кандай деңгээлде катышуубуз боюнча же белгилүү бир нерселерди жасатуу үчүн Арафатты эл алдында колдогондун ордуна кысым көргөзүү боюнча пикир келишпестик бар.

Сенаттагы угуунун дагы бир катышуучусу, президенттер Рейгандын, Буштун, Клинтондун администрациясында Жакынкы Чыгыш маселеси менен алектенген дипломат Денис Росстун пикиринде, азыр палестиндер арасында АКШга ишеним жок. Ал эми төртилик топтун экинчи бир мүчөсү - Евробиримдикти палестиндер дос катары эсептейт. Палестин лидери болсо коомдук пикирге карап иш кылат. Андыктан палестиндер дос катары караган Евробиримдик ага ачык кысым көргөзсө, Арафаттын саясаты өзгөрмөк.

Мунун аралыгында шейшембиде БУУнун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш Израилден эл аралык соттун ал Иордандын батыш жээгинде куруп жаткан коопсуздук дубалын бузуу жөнүндөгү чечимин аткарууну талап кылган резолюция кабыл алды. Документти 150 өлкө колдоп, алты мамлекет анын ичинде АКШ каршы, 10 өлкө калыс болду. БУУ Башкы ассамблеясынын резолюциясы да эл аралык соттун чечиминдей эле юридикалык күчкө ээ эмес, бирок символикалуу мааниси бар. Израил болсо ошол эле замат Башкы ассамблеясынын талабын четке какты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG