Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Ысыккөлдө электр кубатына карыздар өндүрүлүүдө


КАРАКОЛ. "Чыгышэлектр" акционердик коому тараткан маалыматка караганда, облус боюнча электр кубаты үчүн карыз "Кыргызстандын электр станциялары" акционердик коомуна 127 млн. 800 миң сом, ал эми "Электрстанция" акционердик коомуна 335 млн. 800 миң сомду түздү. Электр жарыгын уурдап пайдалангандардын үстүнөн облус боюнча 3 миң 132 акты түзүлүп, 270 миң сомдон ашуун акча төлөнөт. Ошондой эле мекеме уюмдардын үстүнөн да 439 акты түзүлүп, электрди уурдап пайдаланган айрым жетекчилерден 308 миң сомдон ашуун айыппул алынышы керек.

Алынган маалыматтар боюнча Чолпоната шаардык электр тармактар ишканасында америкалык ЮСАИД программасынын алкагында жеке менчик үйлөрдө, эс алуу жайларында жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтер орнотулууда. Мындай электр эсептегичтер электркубатын уурдап пайдалангандардын айыбын ачат. Ал эми Жетиөгүз районунда электр кубатын пайдалануучулардын ассоциациясы түзүлдү.

XS
SM
MD
LG