Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Акаев менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү


БИШКЕК. 21-июлда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки президент аймактык-интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Орусия маалымат каражаттарынын тараткан кабарларына караганда, президенттер бул ирет Эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУнун алкагында кызматташтыктын өңүттөрүнө да кайрылышты. Эң башкысы, Владимир Путин менен Аскар Акаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун биргелешкен машыгууларынын күтүлүп жаткан экинчи фазасы жөнүндө сөз кылышты.

Машыгуунун экинчи баскычы 26-августта Кыргызстанда өтөөрү болжолдонууда. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын аскер күчтөрү катышат. Аскерий машыгуунун биринчи баскычы Казакстанда өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG