Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

БАЙКООЧУЛАР АМЕРИКА ИРАНГА КАТААЛ МАМИЛЕСИН ЖУМШАРТКАНЫ ОҢ ДЕШЕТ


Чолпон Орозобекова, Прага Ырасмий Вашингтон өзөктүк курал жасоо ыктымалдыгына жана 11-сентябрдагы чабуулдарга тиешеси бар деген божомол менен Иранга карата катаал саясат жүргүзүп келет. Өткөн аптада АКШнын мамлекеттик жогорку кызматтагы мурдагы чиновниктери АКШ бийлигин бул турумун өзгөртүүгө чакырды. Алар Иран менен болгон алакасынын солгундугу Вашингтондун Ирак, Ооганстан жана өзөктүк куралга тыюу салуу жагдайындагы жалпы мүдөөлөрдү аксатып атканын белгилешти.

Соңку кезде Американын Иран менен салкын мамилесинен улам келип чыгып аткан көйгөйлөр тез арада чечилиши керек. Нью–Йорктогу Эл аралык мамилелер боюнча кеңешме деп аталган саясий институт ушундай өңүттөгү билдирүү жасады.

Акүйдүн коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Збигнев Бзежински башында турган мекеменин иликтөөсү Американын чейрек кылымдан берки Иранга карата саясатына туура келбеген ушундай бүтүм чыгарган.

АКШ бийлиги өз кезегинде Ирандын өзөктүк куралы бар деген күмөн саноосуна далил издеп, ошол эле учурда 11-сентябрдагы террордук чабуулду даярдоодо “ал-каидачылар” Иран менен кызматташкан деген санаркоосунан арыла албай келет.

Вашингтондо бул иликтөө менен тааныштырып жатып Збигнев Бжезински Америка бийлиги Иран менен мамилесин жакшыртканы дурус деп билдирди:

- Биз Иракты эмне кылып салдык? Эл аралык коомчулуктун пикирин да сурап койгон жокпуз. Эл аралык коомчулуктун колдоосун жоготуунун жолу кайсы деген суроонун үстүндө ар бирибиз ойлонушубуз керек. Менимче, биз кызматташтыкты кеңейткен гана саясатты жүргүзгөнүбүз оң.

Вашингтондогу Тынчтык жана Демократия боюнча эл аралык институттагы Иран боюнча эксперт Жорж Перкович бул иликтөөнүн жыйынтыгы менен макул. Эксперттин оюнча, Саддам Хусейндин бийлигинин кулашы Тегерандагы саясий режимди да өзгөртөт деген пикирлер өз убагында көп айтылган менен, тескерисинче, Ирактагы согуш Американын Иранга карата саясатын жумшартты:

- Эмне болду, Америка Иракта морттугун көрсөтүп жатат, бул абдан кыйын. Иранда болсо жигиттер отуруп алып, “эгер америкалыктар андан кийин бизге келери чын болсо Иракта аларды көбүрөк өлтүрүп калалы” деп атышат. Иракта башаламандык күчөгөн сайын Иранга келбейт деп ойлошууда. Ирандын Иракка киши жиберүүгө толук мүмкүндүгү бар. Ушул себептен болсо да биз Иран менен кызматташканыбыз оң.

Ушул аптада Жорж Буштун кеңсеси Иран менен сүйлөшүү болгонун билдирди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Ричард Баучер билдиргенге караганда, сүйлөшүүдө оң жылыштар байкалды. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон Сеулда шаршемби күнү билдиргенге караганда, өзөктүк куралга умтулуу жөнүндө айыпты четке кагыш үчүн Иран бул жааттагы стратегиясын тактап алганы максатка ылайык.

Болтон мырза Ливия жасаган кадамды мисал келтирди:

- Иран менен Түндүк Кореяга турмуш жүзүндө Ливия жасаганды мисал кылгым келет. Андыктан, бул деген турмушта жок окуя эместигин эскертким келет. Бул дүйнө жүзүндө боло жүргөн мисал, массалык кыргын салчу куралдуу болгусу келген өлкөнүн өз жүрүш - турушун өзгөртүшү катары түшүнөбүз.

Байкоочулардын баамында, Болтон мырза өткөн аптадагы Лондонго болгон сапары учурунда британ кесиптештери менен Ирандыкы деп шектелген өзөктүк программаны БУУнун колуна качан өткөрүп берүү тууралуу кеңешип кайтты. АКШ бийлиги Иранды өзөктүк куралга умтулат деп айыптап, ал эми Иран өз кезегинде аны четке кагып келет. БУУнун атом энергиясы боюнча агенттиги азырынча бул айыпка далил таба элек. Эгерде Венада жайгашкан көзөмөл агенттик кайрылуу жөнөтө турган болсо, БУУнун коопсуздук кеңеши талкуулап көрүп, балким, Иранга санкция салышы ыктымал.

Иран октябрь айында Франция, Британия жана Германия менен уранды байытуу боюнча келишимдерин токтоткон. Бирок, ал кайрадан уран программаларын жандандырарын билдирди.

Кай бир байкоочулар экономикалык катаал чаралар гана Ирандын өзөктүк программаларын жайлатууга алып келет деп эсептешет. Мисалы, Жорж Перкович БУУ Иранга санкция саларына ишенбейт. Андыктан Иран бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүүнү эп көрөт.

Вашингтондогу жана Израилдеги аскерий консерваторлор, 1981-жылы Израил Ирактын Асирак өзөктүк реакторун атып жоготкондой, Ирандын ыктымал өзөктүк жабдууларына сокку урууну кеңеш кылышууда. Бирок Буштун кеңсеси бул сунушту четке кагат. Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунда иштеген Жон Алтерман Ирандын өзөктүк жабдуулары кайда жайгашканы белгисиз болгондон кийин бул ыкма ишке ашпайт деген ойдо. Анын үстүнө Америка менен Израил деле Иран тараптан куралдуу жооп болорунан чочулашат:

- Экинчи маселе - кайда болбосун Ирандын өз кишилери бар. Израилдин, Ливандын, жада калса, палестин аймактарында да бар. Бул жагдай айрыкча Израилдин турмушуна жагымсыз нерселерди алып келиши ыктымал. Менимче, Израил Иранга каршы иш жасаганга даабайт,- дейт Алтерман мырза.
XS
SM
MD
LG