Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

КМШ ТАРАШ КЕРЕКПИ?


Россия президенти Владимир Путин КМШ уюм катары тароо алдында турганын ушул жума башында билдирди. Ага карата кыргыз саясатчыларынын пикири кандай?

Курамына 12 мамлекет кирген КМШнын натыйжасыздыгы тууралуу нааразылык буга чейин да айтылып келген. Дал ошондон улам Шериктештиктин ичиндеги бир катар мамлекеттер Евразия экономикалык шериктештигин түзүү демилгеси менен чыгып, 1996-жылы ал куралган. Бирок анын алкагында кызматташуунун же интеграциянын деңгээлине да нааразылыктар арбын. Ошондуктан Россиянын мурунку президенти Борис Ельциндин убагында түзүлгөн ЕврАзЭСтен сырткары Украина, Казакстан, Беларус жана Россиянын катышуусу менен Бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү демилгесин Россиянын азыркы президенти Владимир Путин өткөн жылы көтөрүп чыкканы белгилүү. Ал демилге ийгиликтүү ишке ашып жатат дегенге да учурда негиз жок.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ишинин натыйжасыздыгына кыргыз жетекчилиги да нааразылыгын билдирип келген. Ал эми акыркы жылдары Бишкек КМШ алкагында эркин соода аймагын түзүү демилгесине өзгөчө үмүт арткан. Бирок анын аткарылышы чоң күмөн астында турат. Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Темирбек Султанбаевдин айтымында, КМШнын алкагында миңден ашуун ар кандай документтерге кол коюлганына карабай, бул уюмдун иши натыйжасыз бойдон калууда.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль болсо КМШ түзүлгөндө эле арабөк болчу деген пикирин билдирди:

- КМШ түзүлгөндө эле бекем болгон эмес. Ага мүчө болгон өлкөлөр андан эч кандай жарытылуу пайда да көргөн жок.

Депутаттын пикиринде, КМШ мамлекеттеринин лидерлеринин ортосунда тирешүү, саясатта болсо макулдашпаган чечимдер арбын. Ошондуктан шериктештик алкагында кабыл алынган документтер такыр иштебейт. Мындай абалдагы шериктештиктин келечеги жок.

Өлкө ичинде буга карама-каршы пикирдеги саясатчылар жок эмес. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын КМШ боюнча комитетинин төрагасы Николай Байло шериктештиктин келечегине ишенет:

- Постсоветтик аймакта 12 жылдан бери саясий-экономикалык кызматташуунун моделин издөө жүрүп жатат. Мындай жараянды Европа көп жылдарда өттү. Ошондуктан шериктештиктеги интеграция жараяны азыр натыйжа бербей жатканына карабай келечекте анын алкагында экономикалык кызматташуу жолго коюларына бекем ишенем.

Анын пикиринде, КМШ мамлекеттеринин тыгыз интеграцияланышына батыш мамлекеттери тоскоолдук жасоодо. " - Маселен, - дейт Николай Байло, -:

- КМШнын түзүлүшүнө батыш өлкөлөрү тоскоолдук жасоодо. Ал үчүн атайын каражат бөлүнүүдө. Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгуу демилгесин батыш өлкөлөрү көтөргөн. Грузияны болсо АКШ көкүтүүдө. Батыш мамлекеттери Россиянын күчтүү болушун каалабай жатат.

Бирок жергиликтүү талдоочулардын пикиринде батыш мамлекеттеринин эмес, Россиянын өзүнүн кош стандарттуулукка тете айрым кадамдары КМШ курамындагы бир катар мамлекеттердин шериктештиктен көңүл калуусун жаратууда. Маселен, Россиянын Түштүк Осетия, Молдова, Армения жана Азербайжан ортосундагы чатак боюнча позициясы, ошол эле Грузия, Молдова жана Азербайжандын Москва башкы ролду ойногон шериктештикке карата жылуу мамилесин жаратышы татаал. Андан сырткары экономикалык саясаттагы ар түрдүүлүк жана кызыкчылыктардын дал келбеши да КМШнын натыйжалуу уюм болушуна өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат. "Мындай шартта, - деп белгилейт Валерий Диль, - натыйжасы байкалган Евразия экономикалык шериктештигин өнүктүрүүгө басым жасап, КМШны сактап калууга кур бекер убара болбош керек".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG