Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Бишкек милициясы сойкулукка каршы күрөшкө мыйзам жетишсиз деп эсептейт


БИШКЕК. Бишкек шаардык ички иштер кызматы тиешелүү мыйзамдарга сойкулук жана аларга ортомчулук жасаган жарандарды, акча табуунун бул түрүн ишке ашырууга көмөктөшкөн мейманкана, сауна ээлерин административдик жана кылмыш жообуна тартуу тууралуу жоболорду киргизүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Башкармалык негиздеген маалыматына караганда, учурда Бишкек шаарында саатка өлчөп кызмат көрсөткөн 169 сауна, 177 мейманкана жана 1000ден ашык менчик үй бар. Каражат табуу үчүн сойкулукка баргандардын саны 3,5 миң болсо, алардын 1% жашы жете элек кыздар. Сойкулук менен жан сактагандардын 98% Кыргызстандын жер-жерлеринен келгендер.

XS
SM
MD
LG