Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

«ЫСЫККӨЛ КЭЭДЕ ТЫНЧ ДА, КЭЭДЕ ТОЛКУН…»


Ушул жылдын 2-августунан тарта жаңыланган 200 сом жүгүртүүгө чыгарылат. Жаңы акчага Алыкул Осмоновдун Ысыккөл тууралуу төрт сап ырынын кол жазмасы түшүрүлгөн. Улуттук банктын жетекчилиги бул иш-чара улуу акындын эмдиги жылы белгиленчү 90 жылдыгына карата жасалып жатканын маалымдады. 26-июлда Улуттук банктын төрага орунбасары Шамшыбек Молдоканов катышкан маалымат жыйыны өттү.

Ысыккөл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.


Таланттуу акын Алыкул Осмоновдун айтылуу «Жеңишбек» поэмасынын бетачарындагы алдагы 4 сап ырды билбеген киши аз эле болсо керек. Биле электер эми мындан ары жаңы чыккан 200 сомдон улуу акындын канаттуу саптарын чөнтөгүнө салып жүрүп окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Улуттук банк быйыл 2-августтан тарта жаңыланган 200 сомду жүгүртүүгө чыгарат. 2002-жылдан бери колдонулуп келаткан мурунку 200 сом деле күчүн жоготпойт. Болгону убакты-сааты келгенде жаңысы эскисин алмаштырылып, мындан ары экөө эриш-аркак колдонула бермекчи.

Улуттук банктын төрага орунбасары Шамшыбек Молдокановдун ырасташынча, жүгүртүүдөгү улуттук акчанын башка банкторунун жасалгасы өзгөртүлбөйт:

- Жаңылангандын бир гана себеби - биз эмдиги жылы 90 жылдык мааракесине карата автордун өз кол жазмасын түшүрдүк. Калганы эч айырмасыз. Башка банкторду өзгөртүшкө бизде негиз жок. Ошол боюнча кала берет.

Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Кылычев 1-июлга карата Кыргызстанда жүгүртүүдө 10 миллиард 290 миллион сом акча бардыгын, анын 9 миллиарды элдин акчасы экенин айтты. К.Кылычев кийинки жылдары элдин сомго ишеничи бекемделип баратат деген пикирде:

- 1992-1993-жылдары бизде инфляция күчөп турган кезде элдин көбү туруктуу акча деп чет элдик валютага өтүшкөн. Азыр деле психологиялык жагынан көнүмүштөн кутула албай келаткандар бар. Кийинки жылдардын статистикасы көрсөткөндөй, 2000-2001-жылдары доллардын баасы түшүп-көтөрүлүп кеткенине күбө болгон элдин улуттук акчага ишеними артты. Муну кийинки эки жылда сомдун жүгүртүлүш көлөмү эки миллиард сомго чыгышы деле көрсөтүп турат. Буга чейин ал 500-600 миллион сомго жетчү.

Соңку жылдары чет эл акчасы өлкөгө арбын кирип атышынын чоо-жайын Кылычбек Кылычев «Манас» абамайданында Ганси аба базасынын жайгашуусуна байланыштуу түшүндүрдү:

- Бишкекте америкалык аскер базасы жайгашкан, башкача айтканда, экспорт-импорт операциялары көбөйдү. Биздин аймакта чет элдик аскерлер тургандан кийин чет элдик акча арбын келе баштады. Албетте, бул жүгүртүүгө чыгарылган акчанын көбөйүшүнө алып келди. Дагы бир нерсени айта кетейин, сырттан акча арбын киргени менен сомдун долларга катышы анчалык өзгөргөн жок, атүгүл ал кыйла төмөндөдү.

Кыргызстандын улуттук акчасы 1993-жылдын 10-майында киргизилген. Андан бери улуттук акча үч ирет жаңыланды. Алгач жүгүртүүгө 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20 сом чыкса, кийин ага 100 сом кошулду. Экономикалык өнүгүштүн арымы, каржылык зарылдыктын өктөм талабы менен 2002-жылдан бери 200, 500, 1000 сомдук акчалар чыгып, өлкө ичиндеги төлөм каражаты катары колдонулууда. 500 сомго айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин, 1000 сомго Жусуп Баласагындын, 20 сомго Тоголок Молдонун, 100 сомго Токтогул Сатылгановдун сүрөтү түшүрүлгөн. Улуттук банктын төрага орунбасары Шамшыбек Молдокановдун ырасташынча, жакын арада улуттук акчанын жасалгалары өзгөртүлбөйт.
XS
SM
MD
LG