Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Жон Керри президенттикке талапкер катары расмий бекитилди


Бостон. Бүгүн Кошмо Штаттардын түштүк – чыгышындагы Бостон шаарында өлкөнүн Демократиялык партиясынын улуттук курултайында сенатор Жон Керри аталган партиядан АКШнын президенттигине талапкер болуп расмий бекитилди.

Ал эми кечээ өлкөнүн вице-президенттигине талапкер, сенатор Жон Эдвардс эгерде шайлоочулар колдоо көрсөтүшсө, алар НАТОнун күчтөрүн согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү иштерине багытташаары жана башка өлкөлөрдү да бул жараяндарга активдүү катышууга үгүттөшөөрү жөнүндө билдирди.

- Биз жаңы президент менен бирге биздин өнөктөш мамлекеттер менен кызматташуубузду тереңдетебиз, НАТОнун мүчөлөрүнөн Иракка жардам көрсөтүүнү талап кылабыз. Биз Иракка Сирия менен Иран тоскоолдук көрсөтпөйт деп кепилдик бере алабыз. Биз Ирактын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтөбүз. Биз башка өлкөлөрдөн да Ирактын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүнү жана Ирактын аларга болгон карыздарын кечүүнү талап кылабыз .

АКШнын демократиялык партиясынын Бостондо өтүп жаткан курултайынын делегаттары президент Жорж Буштун администрациясынын тышкы саясатын кескин сындашты.

Буга чейин АКШнын мурдагы президенттери Жимми Картер, Билл Клинтон жана өлкөнүн экс-президенти Альберт Гор жана ондогон сенаторлор сөз сүйлөштү. Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айында өтөт.

XS
SM
MD
LG