Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Түмөндө тамакка ууланган 174 кишинин арасында кыргызстандыктар да бар


БИШКЕК. «Интерфакска» шилтеме берип, «АКИпресс» агенттиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, Түмөн облусундагы «Сургутнефтегаз» акционердик коомуна таандык курулушта иштеп жаткан чет өлкөлүк 174 жумушчу тамакка ууланып, догдурга жаткырылды. Сургут шаардык башкы санитардык дарыгери Наиль Кашапованын агенттикке билдиргенине караганда, куруучулар үчүн тамакты түркиялык фирма уюштурган. Тамакка уулангандардын 122си Түркиянын, калгандары Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын атуулдары. Бирок курулушта иштеп жаткандардын арасында жабыр тарткан кыргыздардын саны канча экендиги белгисиз. Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги аталган факт боюнча Россиядан эч кандай маалымат келбегендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG