Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Чет өлкөдөн ооп келгендерге жетиштүү камкордук көрүлбөй жатат


БИШКЕК. Чет өлкөдөн ооп келген кыргыздарга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнүн планын облустук, райондук мамлекеттик жетекчилер 2-сентябрга чейин өкмөткө сунуштамай болушту. 1-августта премьер-министр Николай Танаев жетектеген селектордук жыйын ушундай тапшырма берди. Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун жыйынга берген отчетунда белгиленгенге караганда, Кыргызстанга көчүп келген кыргыздарга колдоо көрсөтүүнүн абалы оңолгон жери жок.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери ооп келип, отурукташкан кыргыздардын саны азыр 12 миң чамалаш. Алардын ичинен 1600 адамга гана Кыргызстандын паспорту берилген. Расмий эмес маалыматтарга караганда, кошуна Өзбекстанда эле 1 миллионго жакын кыргыз жашайт. Ал эми Кытайда 160 миң, Казакстанда 11 миң кыргыз бар экендиги да жыйында белгиленди.

XS
SM
MD
LG