Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Электр энергиясы кымбатташы ыктымал


БИШКЕК. Эгер Кыргызстан эл аралык донор уюмдар менен Париж клубунун алкагында түзгөн макулдашууларын толук аткарбаса, бул электр энергиясынын кымбатташына алып келиши ыктымал. Премьер-министр Николай Танаев кечээ өткөргөн селектордук жыйында ушундай билдирүү жасады. Премьер-министрдин айтымында, азыр Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк менен макулдашууларда көрсөтүлгөн квазифискалдык таңсыктыктын энергетикага байланышкан өңүттөрү аткарылбай жатат. Аны жөнгө салуу тиешелүү тармактардын, министрликтердин, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын колундагы иш болууда, деди Николай Танаев селектордук жыйында.

XS
SM
MD
LG