Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

БРИТАНИЯДА 23 ЖАШТАГЫ ОРУСИЯЛЫК ОЛИГАРХ «TVR» КОМПАНИЯСЫН САТЫП АЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Өткөн жумада Британияда спорттук автоунааларды жасоочу белгилүү TVR заводун орусиялык жаш миллиарддер Николай Смоленский сатып алгандыгы белгилүү болду. Кабар заматта түрдүү карама-каршы ой-пикирлерди жаратты. Анткени былтыркы жылы дагы бир орусиялык олигарх Роман Абрамович да Британиядан «базарлык» жасаган эле. Ал британиялык «Челси» футболдук клубун сатып алгандыгы белгилүү. Орус байларынын Британияга жасап жатышкан инвестициялары Орусияда көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Ошол эле учурда аналитиктер бул жагдайды Орусияда бизнестин өнүгүшү үчүн зарыл шарттардын жоктугу менен түшүндүрүшөт.

Англиялык «Челси» футболдук командасынын орусиялык жаңы кожоюну Роман Абрамовичке британиялыктар толук көнүп калышты деп айтуу кыйын. Эми алардын заманы куурулуп, алар дагы бир жаңы орус олигархына көнүгүүгө мажбур болуп олтурушат.

Британиянын бизнес сахнасында жеке мүлкү 3 миллиард рублга бааланган жаңы, болгондо да жаш миллиарддер пайда болду. Анын аты Николай Смоленский - орусиялык банкир Александр Смоленскийдин уулу.

Алгач, анын ишкер атасы туралуу айтып өтөлү. 90-жылдардын этегинде Орусия банк системасында дефольтту баштан кечирип, көптөгөн акча төгүүчүлөрүнө алардын каражатын кайтарууга амалы жетпей калган кезде, Александр Смоленский өз өлкөсүндө Гусинский менен Березовский өңдүү олигархтардан да көбүрөөк таанымал эле. Анткени анын жетекчилигиндеги «Столичный» банкынын кардарлары ошол учурда, башка банктардыкына караганда, дефольттон көбүрөөк зыян тартышты. Элдин көбү каражатын толук ала албай калды, ал эми кимдир-бирөөлөр акчасынан такыр эле куру калышкан. Ал кездеги оор күндөрдү кийинчерээк Александр Смоленский тамаша түрүндө гана эскерип калат.

- Мен ээлеген кызмат - экинчи топтогу майып деп аталат. Жасаганым - өлкөнү жогору басымдуулук кризисине алып келдим, - деп тамашалайт банкир Смоленский.

Андан кийин олигарх Смоленский такыр эле жоголуп кеткендей болот. Көрсө ал эми мындан ары бизнесте эч качан мамлекет менен иштешпейм деп өзүнө сөз берген экен.

Олигарх Смоленский тууралуу маалымат каражаттары былтыр гана, анын уулу бизнеске кирген учурда гана, кайрадан сүйлөй башташты. Анда Смоленский өзү түзгөн ОВК ири каржылык түйүнүн 22 жаштагы уулу Николай Смоленскийге өткөрүп берет. Ал эми арадан бир жыл өтпөй, банктардын бул түйүнү Владимир Потаниндин жетекчилигиндеги «Интеррос» бирикмесине сатылат.

Ушул эки жыл ичинде банкирдин уулу Николай Смоленский Австрияда өскөндүгү, Лондондо экономика жаатында мыкты билим алгандыгы жана Британиянын борбор калаасынан алыс эмес жерде килейген чоң үй сатып алгандыгы тууралуу кеп тарайт. Лондондун кымбат райондорунан чоң үйдү кантип студент уулуна сатып бергендиги тууралуу кызыккан журналисттин суроосуна таң калган Александр Смоленский «Эмне, менин уулум анан вокзалда түнөшү керекпи?» деп ачык эле таң калгандыгын жашырбаптыр.

Эми 23-жаштагы Николай Смоленский Британияда спорттук автоунааларды заказ менен чыгаруучу TVR заводунун ээси болуп калды. Айрым маалыматтарга караганда, заводду Смоленский 27 миллион долларга сатып алган болушу мүмкүн. Завод 1947-жылы Тревор Уилкинсон тарабынан түзүлгөн. Азыр болсо TVR – учурдун эң ийгиликтүү ишканаларынын бири. Анын жылдык кирешеси 400 миң фунт стерлингдин тегерегинде.

Азырынча TVRдын жаш кожоюну журналисттер менен сүйлөшүүдөн оолактап жүрөт. Бирок ал өзүнүн заводунда иштеген 400 кызматкер менен жолугушуу өткөрүп, аларда жаш, күчтүү жана акылдуу адис тууралуу таасир калтыра алыптыр.

Орусиянын өзүндө Смоленскийдин Британияда жасаган бул «базарлыгын», чынында, анчалык деле чоң сүйүнүч менен кабыл алышкан жок. Анткени өлкөдө ЮКОСтун үстүнөн жүрүп жаткан бизнес менен бийликтин талашы токтолбой жаткан кезде, 90-жылдары Ходорковскийдей эле эл байлыгын уурдап алган деп эсептелгендер проблемасыз эле башка мамлекеттерде «шоппинг» жасап жүрүшпөйбү? – деп кыжыры кайнагандардын саны өсүүдө. «Эл өзүн кудум байларга бул жолу да алданып калгандай сезип жатат» дейт журналист Максим Соколов:

- Бүт олигархтар бизди тоноп кетишти деп сүйлөсөк деле болот. Бирок бир кызыктуу жери: 90-жылдарда элдин акчасын өзүнүн чөнтөгүнө топтоп алгандардын көбү кийин өлкөдө бир иш баштап, пайда алып келүүгө аракет кылышса, айрымдары элди ачык эле түрдө алдап коюшту. «Столичный» банкын жетектеген Александр Смоленский мына ушул типтеги олигархтардын катарын толуктап, кийин өзүнүн кардарларына «өлгөн эшектин кулагын аласынар» деп эле ачык түрдө айткан, - деп эми анын ийгиликтүү ишине таң калгандыгын жашырбайт журналист Максим Соколов.

Ушундан уламбы, орус байларынын акчасы өз өлкөсүнүн экономикасынын ордуна башка мамлекеттердикине иштеп жатканына да байлар эмес, мамлекет өзү күнөөлүү деп айтканга болот дешет каржы аналитиктери. Анткени орус олигархтары ушул тапта ЮКОС чатагынан кийин Орусиядан ыраак болууга аракеттенип калышты.

Аналитик Антон Поповдун айтымында, мына ушул көрүнүштөрдүн бири катарында Смоленскийдин аракетин да айтканга болот:

- TVR компаниясын Николай Смоленский толук сатып алды, эми анын жетекчилик укугун кайра кароо өңдүү иштер болушу мүмкүн эмес.

«Азырынча TVR компаниясынын ишинде олуттуу өзгөрүүлөр болбойт» деген кабар берилди ишкананын ырасмий сайтында. Бирок күбүр-шыбыр кептерге ылайык, TVR жакынкы мезгилдерде АКШда жана Орусияда да чыгарылып калышы мүмкүн. Азырынча Москвада 10дон ашпаган TVR маркасындагы машинелер кээде борбордук трассаларда күрүлдөп жүрүп калышат.

Сүрөттө: TVR автомашинасы.

XS
SM
MD
LG