Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕСИ КАНДАЙ НУКТА ӨНҮГҮП ЖАТАТ?


Быйыл 22-23-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтөөрү күтүлүүдө. Анын алкагында Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябао Кыргызстанга ырасмий визит менен келмекчи. Өкмөт башчы Николай Танаев менен Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Чжан Яньняндын 5-августтагы жолугушуусунун жүрүшүндө Кытайдын премьери Цзябаонун Бишкекке жасай турган сапары талкууланды. Мындан тышкары эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу да сөз болду.

Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алган учурда премьер-министр Николай Танаев коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун Бишкекке жасалчу биринчи ырасмий сапарына өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи. «Биз бул визитти чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», - деди Николай Танаев. Кытайдын Бишкектеги элчиси Чжан Яньнянь мырза дагы визиттин мааниси өзгөчө деп эсептейт:

- Бул өтө маанилүү сапар. Анткени биздин премьер-министр акыркы 10 жылда биринчи ирет Кыргызстанга келип отурат.

Кыргыз өкмөт башчысынын маалыматы боюнча, Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябаонун Бишкекке ырасмий сапарынын учурунда эки тараптуу сегиз документке кол коюу ниети бар. Алардын эң олуттуусу – эки мамлекеттин ортосундагы узак мөөнөттүү – 2004-2014-жылдарга кызматташуунун программасы:

- Албетте, эң негизги документ – бул узак мөөнөттүү кызматташуунун программасы, - деди Николай Танаев. Кол коюла турган документтердин арасында эки мамлекеттин чегараларын демаркациялоонун жыйынтыгы тууралуу протокол да бар:

- Биздин жумушчу топ жакында Кытайдан келди. Баардык маселелер чечилип, мунасага келип калдык.

Мындан тышкары эки өлкөнүн коргоо министрлеринин кызматташтыгы тууралуу келишим, бажы иштерине байланыштуу статистикалык маалыматтарды алмашып туруу, Кытай өкмөтүнүн 50 млн. юань өлчөмүндөгү жардамын Кыргыз өкмөтүнө берүү жөнүндө келишим жана башка документтер бар. Николай Танаев элчи Чжан Яньнянга Кытай өкмөтү бөлүп жаткан 50 млн. юань өлчөмүндөгү кайтарымсыз гранттын жарымын «Мээрим» фондусу Чолпонатада куруп жаткан «Алтын балалык» комплексине жумшоо чечилгенин маалымдады:

- Бул гранттын 50 процентин «Алтын балалыктын» курулушун бүтүрүүгө, 50 процентин коомдук-маалымат борборун курууга бөлүүнү каалап атабыз.

Николай Танаев менен жолугушуудан кийин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньнянь журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын жакшы өнүгүп жатканына басым жасады:

- Биздин мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык үч маанилүү мүнөз менен өнүгүп жатат: алар – туруктуулук, ар тараптуулук жана сергектик. Учурда эки мамлекеттин ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жана проблемалар жок. Эки тарап тең эми экономикалык өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүшү керек.

Статистикалык маалыматтарга караганда, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 55,7 процентке өсүп, 314 млн. долларды түзгөн. Быйыл 3 айда эле өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда сооданын көлөмү 208 процентке өсүп, 124 млн. долларга жеткен. Кыргызстан өзүнүн электр энергиясын, тамекини жана жеңил өнөр жай товарларын Кытайдын базарына алып чыгууга кызыкдар болуп жатканы жашыруун эмес. Кыргыз өкмөтү, ошондой эле, Торугарт аркылуу салынат делип жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна жана Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолуна зор үмүт байлоодо. Аталган автожолдун курулушу үчүн кытай өкмөтү кыргыз өкмөтүнө 60 млн. юань өлчөмүндө грант бөлгөн. Аталган автожол тууралуу элчи мындай деди:

- Мен бул автожолду оңдоо иштери 2 жылдын ичинде өз убагында жана сапаттуу бүтөт деген ойдомун. Кытай тарап подрядчик катары жолду оңдоо милдетин алган. Бирок кыргыз өкмөтү да жолго акча салыш керек эле, азыр ага кыргыз тараптын чама-чаркы жетпей жатат.

«Азаттыктын» кабарчысынын «Кытайдын бир компаниясы Ысыккөлдүн жээгинен күрөөгө жер алып жатканы тууралуу эмне айталасыз?» деген суроосуна Чжан Яньнянь мырза чындыгында эле Кытайдын бай компанияларынын бири менен Ысыккөл облусунун жетекчилиги быйыл жазында ошондой келишимге кол коюшканын бышыктады:

- Кытайдын бир күчтүү компаниясы Ысыккөлдө туристтик комплекстүү база курууга ниеттенип жатат. Чыгымдын баарын компания өзү көтөрөт. Бирок бул долбоорду ишке ашыруу учурунда айрым бир маселелер чыкты. Бирок ал кытай тараптан чыккан жок, Кытай кызматташтыкка дайыма даяр. Мен бул келишим Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык түзүлгөн болчу деп айткым келет. Мындан ары келишимге эгер ал ишке ашпай калган учурда тараптардын жоопкерчилигин карай турган жобо киргизилиш керек деп ойлойм, - деди Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньнянь мырза.

XS
SM
MD
LG