БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте күрөштүн үч түрү боюнча, атап айтканда, грек-рим, эркин жана аялдар күрөштөрү боюнча 4-Азия чемпионаты башталды. 8-августка чейин созула турган бул мелдешке Азиянын Иран, Япония, Корея, Монголия, Казакстан баштаган 17 өлкөсүнөн спортчулар катышмакчы. Азия чемпионатын премьер-министр Николай Танаев салтанаттуу ачты.