Иракта кечээ эл аралык коалициялык күчтөр менен шийилердин жоочулары ортосунда үч чоң шаарда кагылышуулар болду. Багдад, Ан-Нажап жана Басра шаарларындагы атышуудан 20 адам набыт болду. Кечээ Багдаддын түштүгүндө террордук чабуулдан 5 ирактык набыт болуп, 20дан ашык адам жаракат алды. Ал эми Ан-Нажап шаарында америкалык тикучма атылып, экипаждын мүчөлөрү оор абалда ооруканада жатышат.