Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Индиянын Кашмир дубанындагы куралдуу кагылышуудан он адам каза тапты


Индиянын түндүгүндөгү Кашмир дубанында өкмөттүк күчтөр менен исламдык жоочулар ортосунда жаңы кагылышуу болуп, кеминде 10 адам набыт кетти. Салгылашуу Кашмирдин жайкы борбору Сринагар шаарынан 40 чакырым алыстыкта болду. Бүгүн дубанга Индияын ички маселелер министри Дхирендра Сингх келди.
1947-жылы Индия эгемендүүлүккө жеткенде, мусулмандар андан бөлүнүп, Пакистан мамлекетин түзгөн, негизинен мусулмандар жашаган Кашмир болсо Индиянын курамында калган.

XS
SM
MD
LG