Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Бишкекке АКШдан делегация келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Кошмо Штаттардын Конгрессинин 28 өкүлдөрүнөн жана сенаторлордон турган делегация келди. Алар Улуу жибек жолу тууралуу кенен маалымат алуу жана Кыргызстан менен жакындан таанышуу максатын көздөп келишкендигин, президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” бүгүн билдиришти.

Делегациянын курамында АКШнын 5 штатынын сенаторлору, Конгресстин өкүлдөрү, коопсуздук кызматкерлери бар. Алар Улуу жибек жолу аркылуу ишемби күнү Кытай эл Республикасынан Нарын облусуна келишип, облус жетекчилери менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG