Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Ирактын премьер-министри Нажафтагы согушкерлерди куралсызданууга жана шаардан кетүүгө чакырды


Ияд Аллави америкалык аскерлер жана шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын колдоочулары же Мехди армиясынын согушкерлери ортосунда соңку үч күндөн бери айгышкан уруштар жүрүп жаткан Нажаф шаарына күтүүсүздөн барды. Ал согушкерлер куралсыздануу менен биринчи кезекте шаардын ыйык жайларынан чыгып кетиш керектигин белгиледи:

-Тилекке каршы мыйзамды бузган, бул каарман шаарга зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар бар. Биз шаарды текшерүү, иши баатырдыкка жана урматтоого арзырылык губернатор менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн келдик. Ошондой эле полиция жана Улуттук гвардия менен да сүйлөшүү жүргүзүү максатында келдик. Маселе жакын арада чечилет деп үмүттөнөбүз. Бандиттер шаардын ыйык жайларынан тез чыгып кетип, куралсызданышы, мыйзамга жана тартипке кайтышы керек деп эсептейбиз.

Нажафтагы уруштарда жүздөгөн адамдар мерт болгон. Моктада ас –Садрдын Мехди армиясынын согушкерлер шаарда шийиттер үчүн эң ыйык деп эсептелген имам Алинин күмбөзүн да көзөмөлдөп турат. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан өз билдирүүсүндө урушту токтотуу максатындагы сүйлөшүүлөр үчүн уюмдун жардамын сунуш кылды. Ирактык расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда,соңку бир сутканын ичинде эле америкалык аскерлер менен шийит согушкерлеринин Нажаф жана Багдаддагы уруштарында кеминде 43 адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG