Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

АКШ Германиянын сотуна далилдерди берүүгө макул, бирок күбөнүн суралышына жол бербейт


Бул маселе 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактарды уюштурууга катышканы үчүн Германияда айыпталган марокколук жаран Мунир Мотассадектин сот иши менен байланыштуу. Бүгүн Гамбург шаарында анын иши сотто кайрадан териштириле баштады. Германиянын биринчи инстанциядагы соту Монтассадекти "ал-каидачыларга" жардам бергени үчүн былтыр 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок быйыл апрелде Жогорку Сот бул иш боюнча АКШда камакта отурган негизги күбө, теги йемендик Рамзи бин ал-Шибхтен көрсөтмө алынбаганына байланыштуу өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. АКШ бул ирээт сотту камакта отурган адамдын көрсөтмөлөрү менен камсыздоого макул болду. Бирок Мамлекеттик департаменттин немец тарапка жолдогон катында айтылгандай, сотто АКШда камакта отурган айыпкердин тикелей өзү күбө катары өтө албайт. Мунир Монтассадек - 11-сентябрдагы террактарга байланыштуу иши сотто каралган жалгыз айыпкер.

XS
SM
MD
LG