Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Түркия Стамбулдагы жардырууларга күрд согушкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн экенин ишара кылды


Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Абдулкадыр Аксу билдирди, бирок ал күрд согушкерлеринин жарылууларга кандайча байланышы бар экенин айтуудан баш тартты. Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Стамбулдун туристтер көп жүргөн районунда, эки чакан мейманкандагы жарылуудан 2 адам өлүп, 11 киши жаракат алган. Кабарларга караганда, мейманкалардын бирине жарылуунун алдында бомба коюлганы жөнүндө телефондон маалымат түшкөн. Мейманканалардан алдында Стамбулдун газ сактоочу жайында да эки жарылуу болгон эле. Ал дагы телефондон эскертилген. Исламчылардын интернет сайтында жардырулар үчүн өзү "ал-Каида" менен байланышта экенин ырастаган "Абу Хафс ал-Масринин бригадасы" деген топ жоокер болду.

XS
SM
MD
LG