Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

ЖАЛАЛАБАД ШААРЫНДА БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАРБЫ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабаддагы көз карандысыз «Фергана» газетасына Жалалабад шаарынын жетекчилиги кысым көрсөтө баштады. Бийликтин акыркы аракеттерин мисалга тарткан гезит жамааты ушундай көз карашта болуп жатат. Ал эми жергиликтүү бийлик мындай пикир келишпестиктин себебин сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары санаган жери жок.

Областта отузга жакын маалымат каражаттары иштегени менен азыркы бийликке каш кайтарган басылма - жалгыз «Фергана» газетасы. Жалалабад почта ишканасы ага 200 миң сомдук карызын төлөөнү создуктуруп, каржы менен мүнкүрөтүп келатса, шаар бийлиги гезиттин рекламалык жарнамасын редакциянын кызматкерлери жогунда талкалатып салган. Бул жагдайга газетанын баш редактору Бакыт Орунбеков «Жалалабаддын мэри Өмүрбек Шаршеналиев Тогузторо районун башкарган учуру жөнүндө жарыялаган эки сын макала түрткү болду окшойт» - деп эсептейт:

– Мындан 20 күн мурда эки жолу «Фергана» газетасында Өмүрбек Шаршеналиевдин Тогузторо районундагы ишмердүүлүгү тууралуу сын макала жарыяланган. Ошондон кийин шаардын архитектурасы биздин рекламалык жарнамабызды алып салгыла деп талап кылды. 11-августта эртең менен биз жумушка келсек, жарнама талкаланып, биз ижарада турган ишкананын кире беришинде жатыптыр. Мэр «кысым көрсөтүү аркылуу гезиттин аброюна шек келтирем»- деп жатат окшойт, - деген Бакыт Орунбеков мэрдин көрсөтмөсүн мыйзамдуу жол менен чечүүнү сунуш кылганын эске салды.

Шаар башчы Өмүрбек Шаршеналиевдин жообу боюнча калааны иретке келтирүү ниети менен шаарда тазалоо иши жүрүүдө. Басылманын айрылган рекламалык тактайын алдыруу иш-чарасынын сын макалага тиешеси жок:

- Гезит арендада турган ишкананын үстүнкү маңдайында «Фергананын» рекламалык тактайы айрылып-тытылып турганын көргөм. 20 күн мурда келип, ишкана башчыга айткам жаңыртып илсин деп. Иш-чара сынга байланыштуу эмес. Тогузторо районунда жок адамдын аты менен гезитке жазды, унчуккан жокмун, - дейт, мэр Өмүрбек Шаршеналиев.

Жалалабад Университетинин журналистика кафедра башчысы Аким Акжоловдун ою боюнча областта басма сөз эркин эмес. Аны мыйзамды сактоо менен гана телчитсе болот:

- Жалалабадда маалымат каражаттары көп, бирок, эркин басма сөз жок. Басма сөзгө жергиликтүү бийлик кийлигишпей, сөз эркиндиги жөнүндөгү мыйзам сакталса гана, өнүгөт, - деди Аким Акжолов.
XS
SM
MD
LG