Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен Карасуу районунун аймагындагы дыйкандар кыргыз өкмөтүнөн жардам күтүүдө


ОШ. 1-август күнкү катуу мөндүрдөн Карасуу районуна караштуу Сабай, Жоош, Отузадыр айыл өкмөттөрүнүн жашылча-жемиш талаалары талкаланып, жуулуп калган. Депутаттардын Ош облустук Кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Исабаев башчылык кылган штаб 12-август күнү аталган үч айыл өкмөттүн 342 субъектисине таандык 467 гектар аянттагы жашылча-жемиш түшүмү жок болгондугун район акимчилигинен тарта кыргыз өкмөтүнө чейинки инстанцияларга расмий түрдө билдирди. Бөөдө кырсык жалган аймактын 19 гектарында помидор, бадраң, 10 гектарында тамеки, 50 гектарында жүзүм жана башка нерселер болгон. Азыр жашылчаларды кайра эгүүгө кеч. Дыйкандардын айрымдары мамлекеттен компенсация сурап жатышат. Айрымдары андай мүмкүнчүлүк болбостугун эске алып, бөөдө чыгым болгондорду жер салыгынан бошотуп, жеңилдетилген кредит берсе деген тилекте. Бул маселе жакынкы күндө депутаттардын Карасуу райондук Кеңешинин олтурумунда да талкууланат.

XS
SM
MD
LG