Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Куткаруучулар кайтып келишти


БИШКЕК. Орусия күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен 6 , Кыргазстандан 2 куткаруучу Хантеңиридеги кар көчкү басып калган чет элдик альпинистерди издөө иштерин улантууда. Негизги куткаруучулар тобу бүгүн Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Акматов билдирди. Анын айтымында, Хантеңириде мурда күнү төрт жерден , кечээ күнү эки жерден катуу кар көчкү жүрүп, абаырайынын катаал шарты издөө жана куткаруу иштерин улантууга тоскоол болгон.
Көчкү алдында калган Чехиялык бир атуулдун сөөгү табылып, Караколго жеткирилген. Мурда эки чех, бир орус улутундагы адамдын сөөгү табылган. Дайынсыз жоголгон Чехиянын 2, Орусиянын 2,Украинанын 3 атуулу кар көчкүнүн алдында калгандыгы божомолдонууда.
5-августа таңга маал Хантеңири тоо чокусу менен Чапаев чокусунун ортосунда катуу кар көчкү түшүп, чет элдик альпинистерди басып калган. 11 адам набыт болуп, экөө жаракат алгандыгы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG