Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Экономикалык кызматташтык уюмунун Чолпоната отуруму аяктады


БИШКЕК. Эки күндөн бери Ысыккөлдө өтүп жаткан экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт жана байланыш министрлеринин бешинчи отуруму бүгүн ишин жыйынтыктады. Отурумда транспорт жана байланыш тармагын өнүктүрүүнүн 1998-2007-жыл үчүн кабыл алынган аракеттенүү планынын бир жылдык аткарылышы боюнча отчет угулду. Мындан тышкары транзиттик жүк ташууга, автомобиль, деңиз транспортуна байланышкан кызматташтык маселелери талкууланды. Уюмга мүчө 10 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан бул отурумду Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Кубанычбек Жумалиев жапты. Уюмдун 6-отуруму келерки жылы Иранда өтө турган болду.

XS
SM
MD
LG